Ак-Тилек кичи районундагы №16 көчөнү асфальттоо иштеринин акыркы этабы жүрүүдө. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, мэр Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде узундугу 470 метрди түзгөн жолду асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жолдун эки тарабына сугат лотоктору төшөлүп, жумушка 5 атайын техника жана 15 жумушчу тартылган.

Асфальттын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына, аларды ишке ашыруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Канализациялык кудуктар жолдун жээгинде жайгашып, жергиликтүү тургундар тарабынан уруксатсыз орнотулган. Буга байланыштуу Ош шаардык жолдор башкармалыгы канализация люктарын орнотууну көздөп жатат.