Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет.
Мамлекет диний бирикмелер менен алардын мыйзам алдында бирдейлиги принцибин жана реалдуу коомдук муктаждыктарды эске алып, максаттуу жана дифференциалдуу түрдө өзүнүн мамилелерин түзөт. Мамлекет өзүнүн маданий жана билим берүү саясатында Кыргызстандын жалпы улуттук маданиятына диндердин кошкон салымын эске алат, анткени мамлекет менен диндин өз ара мамилелеринин натыйжалуулугу туруктуулукту камсыз кылуунун жана демократиялык коомду өнүктүрүүнүн маанилүү аспекти болуп эсептелет.
Дин жана билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпысынан бул чөйрөдөгү дүйнөлүк стандарттарга ылайык келет, биринчи кезекте ал Кыргызстан катышуучу болуп саналган бир катар эл аралык укуктук конвенцияларды ишке ашырат. Аталган чөйрөдөгү негиз болуучу документтердин катарында 1948-жылдын 10-декабрында БУУ тарабынан кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясын, ошондой эле 1981-жылдын
25-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Диндин жана ынанымдардын негизинде сабырсыздыктын жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө декларацияны атоого болот.
1990-жылдары динге ишенгендердин көпчүлүгү эки конфессияга: ханафий мазхабындагы суннит исламына жана православ христиан динине таандык болгон. Бирок көз карандысыздык мезгилинде өлкөнүн аймагында постсоветтик өлкөлөр үчүн жаңы христиан, ислам багыттарындагы жана дүйнөлүк агымдардын идеяларын жайылтуучу башка түрдүү диний уюмдар да активдүү иш жүргүзө баштады.
Борбордук Азия эли салттуу түрдө карманган ханафий мазхабы өзүнүн диний сабырдуулугунан улам ислам баалуулуктарын улуттук каада-салттарга жана үрп-адаттарга каршы койбогондугу, мамлекет менен өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн идеологиялык негизге ээ болгондугу менен башка мазхабдардан жана ислам агымдарынан айырмаланып турат. Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары карманган бул багыт этностук жана диний көп түрдүүлүк шартында динге сабырдуулукка, ынак коңшулукка, бири-бирин сыйлай билүүгө жөндөмдүү экендигин тарыхый жактан далилдеди.
Ошону менен бирге соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет.
Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган.
Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш.
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп дин таануу билиминин жана агартуунун деңгээлин жогорулатуу саналат. Бул үчүн мамлекет мектептик билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү предметти киргизүүгө, мугалимдердин жана профилдик мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууга тийиш.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек:
– окутуу заманбап илимий-методикалык ыкмаларга негизделүүгө тийиш;
– биздин өлкө үчүн дүйнөлүк жана салттуу диндер жөнүндө билим берүү окуучулардын дүйнөнү, маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берүүгө тийиш;
– салттуу диндердин негиздерин билүү улуттук өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында дин таануу боюнча билим берүү гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы жана адамзатынын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий билим бериши керек.
Жогоруда жазылгандарды эске алып, дин таануу боюнча билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
2022–2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
– 9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыксын, экспертиза жүргүзсүн жана басып чыгарсын;
– 7–8-класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин иштеп чыксын, апробация жана экспертиза жүргүзсүн, басып чыгарсын;
– эмгек рыногунда талап кылынган, кошумча чектеш квалификациялары бар “Дин таануу” адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларында бюджеттик орундарды карасын;
– “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ушул пунктта көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бөлүп берсин;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине республиканын жалпы билим берүү уюмдарына “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин этап-этабы менен киргизүү үчүн зарыл болгон каражаттарды жыл сайын бөлүп турсун;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
– “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:
диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;
кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдарга;
– “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
– менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 7-9-класстарда окугандар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин этап-этабы менен киргизилишин камсыз кылсын;
– аталган предметти окутуу үчүн окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу курсун/модулун белгиленген тартипте иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыктын 3-пунктунан келип чыгуучу чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.