Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында окуучу баланын сууга чөгүп кетиши боюнча алты мугалим жана завуч иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басса сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча бала окуган мектептин алты мугалими, башталгыч класстын окуу бөлүмүнүн башчысы Эмгек кодексинин нормасына ылайык иштен алынды.

Мындан сырткары, комиссия баланын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар аткарылбаганы үчүн мектеп директоруна дисциплинардык чара көрүү, керек болсо иштен алуу боюнча сунуштама берди.

Ошондой эле комиссия 13 башталгыч класстын окуучуларына эс алуу уюштурулганын аныктады. Бир мугалим уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Бирок, мектеп администрициясынын жана балдар иштери боюнча инспекциясынын бул тууралуу маалыматы болгон эмес.

Мындан улам ал эс алууда аталган адамдар катышкан эмес, укук коргоо органдарынын коштоосу дагы болгон жок. Коопсуздук боюнча дагы инструктаж өткөрүлгөн эмес.

Аквапаркка жалпы башталгыч класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери уланууда.