Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүтүрүүчүлөрдү, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосу:

«Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучуларым, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!

Жалпыңарды акыркы коңгуроо салтанаты менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Ардактуу кесиптештеримдин, кадырлуу эже-агайларыбыздын күжүрмөн аракети, талыкпас эмгегинин арты менен дагы бир окуу жылы ийгиликтүү аяктап жатат. Бул ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Ар бир бүтүрүүчү үчүн бүгүн мектептин акыркы коңгуроосу кагылып турат, эми сиздер үчүн турмуштун жаңы барагы ачылат.

Биздин жашообуздагы жетишкендиктердин көбү — ата-энебизден алган таалим-тарбиянын, мугалимдин үзүрлүү эмгегинин, берген билиминин жемиши.

Ал эми мындан аркы сапарыңарда ар бир бурулуш өзүңөрдүн чечимиңерден көз каранды болот. Эмгекчил болгула!

Силердин өлкөбүздүн жүгүн көтөргөн илимдүү, билимдүү жаштардан болоруңарга толук ишенем. Силер — жаркын келечектин жаратуучуларысыңар!

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Азыркы заман — билимдүүнүн, жогорку маалыматтык технологиянын, атаандаштыкка туруштук бере турган жаратуучулардын жана интеграциянын заманы. Сиздер ушул мезгил менен кошо кадам шилтеп, Кыргызстандын билимдүү, адептүү жана маданияттуу жаштарынан болосуздар деген ишеним зор.

Саналуу күндөрдөн кийин мамлекеттик экзамендерди тапшырып, колуңарга жетилүү аттестатын аласыңар. Бул сыноолордон ийгиликтүү өтүп, өзүңөр сүйгөн кесиптин ээси болушуңарга тилектешмин. Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды окуу жылынын жыйынтыкталышы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаратман окуучуларды каалайм!

Ак жол сага, бүтүрүүчү!»