Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде, учурдагы башталып жаткан курулуш иштерине токтолуп, капсула салынган курулуштар аягына чыгарын билдирди.

Капсула салсак, ал курулуштарды аягына чыгарып жатабыз. Орто жолдо калып кетпейт. Президенттик ишмердүүлүгүмдө аймактарга болгон иш сапарымды былтыр Чүйдүн Мыкан айылынан баштап, ал жакта мектептин курулушуна символикалуу түрдө алгачкы кышты коюп бергем. Быйыл апрелде ачылышына катыштык. Былтыр Баткен облусунун Маргун айылында аскердик бөлүк баштаганбыз. Быйыл курулушу аяктап калды. Апрелдин аягында Бишкектин четиндеги “Рухий мурас” конушунда мектептин курулушуна капсула салдык. Бул Бишкекте салынып жаткан он беш мектептин бирөөсү. Буюрса, күзүндө он беш мектеп тең бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл алат. Чолпон-Атадагы “Алтын-Балалыкты” 8 ай мурда баштаганбыз. 1-июнь күнү ачтык. Республикалык машстабдагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берилди. Бул ири долбооордун алгачкы агрегаты алдыдагы 3-4 жылда ишке кирет деп жатабыз. Сабырдуу болуп туруңуздар. Мен деле аркамдан “капсуласын салган боюнча калып кетти” деген сөздөрдүн ээрчишин каалабайм. Капсула салган имараттар четинен ачыла баштады. Бардыгы көзөмөлдө”,- деген өлкө башчы.