Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздар чет өлкөгө ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыккандан кийин гана чыгуусун сунуштады.

⠀Эл өкүлү муну миграция тармагындагы көйгөйлөр менен байланыштырды.

⠀«Миграция маселеси абдан курч бойдон калууда. 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси менен гана чет өлкөгө чына турган кылсак болобу? Дагы бир сунуш бар: кыздар турмушка чыккандан кийин кетсин. Миграция боюнча жооптуу бөлүмдөр комитетке маалымат беришсин», — деди Шайлообек Атазов.

⠀Өз кезегинде депутат кандай маалымат алууну каалап жатканын тактаган жок.

⠀Белгилей кетсек, мындай сунуш парламентте биринчи жолу айтылып жаткан жок. 2013-жылы депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка чейинки кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү идеясын көтөрүп чыккан. Анын айтымында, аларга ата-энесинин макулдугусуз Кыргыз Республикасынан жумуш издеп чыгууга тыюу салынсын деген. Ушундай эле сунушту экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да айткан.