Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн конфискациялоо боюнча чечим Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат чындыккан дал келбейт. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган райондук соттун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Коррупция” – 2017-жылдын 2-февралындагы мыйзамынын редакциясында) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 ай мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Ага карата мүлкүн конфискациялоо, анын ичинде Кой-Таштагы үйүн мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча чара колдонулган.

Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 14-августундагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү күчүндө калтырылган.

Аталган иш кайра каралып, Жогорку соттун 2022-жылдын 15-мартындагы токтому менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү жана Бишкек шаарынын Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 14-августундагы чечимин өзгөрүүсүз калды.

Мындан улам Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн конфискациялоо 2020-жылдын 14-августунда күчүнө кирген сот актысынын негизинде ишке ашырылган.

“Буга байланыштуу жактоочу З.Жоошевдин Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн конфискациялоо боюнча чечим Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө кабыл алынгандыгы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт.

Тиешелүү чечим өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков болуп турганда кабыл алынган. Кыргызстандын Конституциясынын 95-беренесине ылайык, судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш иет”, — деп айтылат маалыматта.