Бишкек — Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек-2 — Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай баштайт.

«№608 «Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 «Балыкчы – Бишкек-2″ поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет», — деп айтылат маалыматта.