Саясий серепчи Марат Казакпаев 10-июнда болжол менен саат 15:00дө ооруканада каза болду. Маалыматты  №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады.

Анын айтуусуна караганда, ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган, комада жаткан.

Күн мурун УКМК Марат Казакпаев ооруканага жаткырылгандыгын билдирген.

Эске сала кетсек, Казакпаев 2021-жылдын апрелинде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.