Бүгүн, 11-июнда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы
күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +30…+35
Талас облусунда +29…+34
Баткен облусунда +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37
Ысык-Көл облусунда +22…+27
Нарын облусунда +22…+27.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +32…+34 градуска жетет.