Памирден 17 үй-бүлө Ош облусуна көчүрүлүп келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алар көчүп келген соң климатка ыңгайлашуусу, убактылуу жашап туруу үчүн Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы мектебинин имаратына жайгаштырылат.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган.

Памир кыргыздары 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир өрөөнүн байырлайт.