Жыл сайын Кыргызстанга Сауд Арабиясынан 9 миңдей турист келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Сауд Арабиясынан келген делегация менен болгон жолугушууда билдирди деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле агроөнөр жай комплексин, сооданы өнүктүрүү, IT-технологиялар тармагында адистерди даярдоо жана өлкөлөр ортосундагы мамилелердин башка аспектилери боюнча пикир алмашуу болду.

Кадырбеков Кыргызстандын туристтик потенциалына жана бул жаатта инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурду.

«Жыл сайын Кыргызстанга Сауд Арабиясынан 9 миңге жакын турист келет жана алардын санын дагы көбөйтсө болот, бул багытта кызматташууну арбытуу зарыл», – деп кошумчалады ал.

Басма сөз кызматы белгилегендей, өз кезегинде Сауд Арабиясы тарап кыргыз тараптын эки жакты тең кызыктырган көптөгөн багыттар боюнча демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.