Бүгүн, 13-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +25…+30
Талас облусунда +23…+28
Баткен облусунда +27…+32
Ош, Жалал-Абад облустарында +27…+32
Ысык-Көл облусунда +19…+24
Нарын облусунда +19…+24.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +27…+29 градуска жетет.