Бишкек — Торугарт автожолундагы милициянын кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июнда саат 20:30да “102” кызматына Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү милициянын кызматтык автоунаасынын айдоочусу “Дэу-Тико” унаасы менен кагышкан.

Аталган факт маалыматтын электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлгөн. Жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген.

“Дэу-Тико” унаасында И.К. аттуу айдоочу, 33 жаштагы Ш.Т., 9 жаштагы С.Б., 6 жаштагы А.Б., 2 жаштагы Х.Б. жана 1 жашка толо элек Ф.Б. болгон.

Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) издөө бөлүмүнүн инспектору Н.Б. болуп чыккан. Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 26 жаштагы Э.к.А. менен Т.к.К. болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Инспектор Н.Б. Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Материалдын алкагында тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.