Кара-Сууда дагы бир жашыруун тоннель табылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы уйлөрдүн биринен кезектеги тоннель табылды.

Жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы тоннель табылган. Үйдүн ээси Кыргызстандын М.И.М., аттуу жараны болуп чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М., 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тоннелди казуу боюнча иштерди, Кыргызстандын М.И.М., жана Өзбекстандын Рустам аттуу жарандары жүргүзүшкөнү такталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М., жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин да УКМК тарабынан Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган тереңдиги 17,5 метрдик жана 250 метрдик тоннель табылган болчу.