— Анара эже… Асема ойнойбу? – деген үндөн артымды карасам дарбазада кошунанын кызы Раяна туруптур.

— Ооба ойнойт, кел келе гой, Асема чай ичип жатат, үйгө кире бер…

Артынан мен да кирдим. Кызыма кошуп Раянага да чай бердим.

Тыпылдаган жайдары кошунанын  кызы эмнегедир, жүзүндө мурункудай ажары жок. Көздөрү да мурдагыдай жайнабайт. Мурда чоң-чоң көздөрү күйүп тургандай көрүнчү. Баланын шаабайы сууп, кусалыгы кадимкидей сезилип турат. Ичим ачышып, энелик мээримим козголуп, жүрөгүм тыз деп алды. Каап, ушул көздөрдү муңайтпай апасы башкага турмушка чыкпай эле, ушул кыздын жанында жүрсө эмне.

Раяна апасынын экинчи турмушунан. Доктурдан-доктурга каттап, өз өмүрүн тобокелге салып жүрүп кудайдан миң ирет тилеп жүрүп төрөдү.

Тагдыр да, экинчи турмушанан жолу болбой ажырашып кетишти. Бирок, кыздын атасы дайыма жардам берип, ойнотуп, кийим сатып берип жакшы карайт. Азыр апасы үчүнчү ирет башкага турмушка чыкты. Атасы бат-баттан келип, кабар алып калды. Үйдө таенси экөө жашайт. Эже деле кызды жакшы карайт, баары бир бала үчүн апанын орду башка эмеспи.

Раянаны карап отуруп, ичимен апасын жаман көрүп кеттим. Чын, бир эркекти ушул кыздан өйдө көрдүбү? Баланын эртеңки турмушу кандай болот? Апалар баланы каратып туруп башканы ээрчип кетээрде жакшылап ойлоп, жети өлчөп бир кессе деген ойду айткым келет. Анткени бала ушул жеткинчек куракта өзүнө түрдүү суроолорду берет, «мен эч кимге керегим жокпу, апам эмнеге менден кетти» деген. Себеби бала үчүн эң эле жакын адам апа болот. Дал ошол, балалык байо сезим, кызганыч,  кусалык менен чоңойгон бала келечекте кандай адам болуп чыгары айдан ачык белгилүү эмеспи.

Жада калса, короодо жүргөн тоок деле жөжөлөрү чоңоюп өз алдынча жем таап жегенге жараганга чейин куркулдап ээрчитип, турмушка таптап үйрөтүп, ит, мышыктан коргоп багат. А биз адамдар кээде ушул тоокчолук балага мээрим берип, өз алдынча жашоого канат кагып учканга чейин карай албай жатканыбыз өкүндүрөт.