Бүгүн, 14-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-
Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +28…+33
Талас облусунда +26…+31
Баткен облусунда +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35
Ысык-Көл облусунда +24…+29
Нарын облусунда +24…+29.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +31…+33 градуска жетет.