Экономика
Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 5,7 пайызга өстү
Кыргызстандын жыл башынан берки ички дүң продукциясы (ИДП) өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 5,7 пайызга өсүп, 270 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 250 миллиард сомдон ашып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйгөн.
Анын ичинен өнөр жай продукцияларынын көлөмү 150 миллиард сомдон ашып, 11,1 пайызга жогорулады. Курулушта 3,1, айыл чарбасында 2,2, дүң жана чекене соода 8,8 пайыздык өсүү байкалган.
Ошол эле учурда тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү январь-апрель айларында 3 миллиард долларды түзүп, 43,3 пайызга көбөйгөн. Анда экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга азайса, импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 1,6 эсе жогорулаган.