Бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Булак-Башы жергесинде саат 06:50дө Тажикстандын “Кех” чек ара посту тараптан Кыргызстандын “Булак-Башы” чек ара посту тарапка ок атылган. Ага жооп катары кыргыз тарап Тажикстан тарапка ок аткан. Эки тараптын тең чек арачылары дароо согуштун абалга өтүшкөн. Ок атышуу саат 07:00дө токтогон.

«Ал арада Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. Окуя болгон жерге тараптардын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомед жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок ата баштаган. Ок атышуу саат 08:10до токтогон. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактоо максатында жолугушуу өткөрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, саат 08:40ка карата кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы абалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.