Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында криминалдык авторитеттин атынан иш алып барган, мекендештеринен опузалап талап кылган жана ишкердик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдөөгө аракет кылып жаткан куралдуу уюшкан кылмыштуу топ жөнүндө ыкчам маалымат келип турган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкаргандыгын аныкташкан. Бул жаран мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, криминалдык чөйрөдө “Карагер” каймана аты менен белгилүү.
Россиянын ИИМнин Москва шаары жана Москва облусу боюнча башкы башкармалыктарынын ыкчам бөлүмдөрүнө тиешелүү маалыматтар берилген.
Укукка каршы аракеттерди аныктоо, бул топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, түн ичинде “Кузьминки” паркынын аймагында белгисиз адамдар отуз эки жаштагы жакын тууганын күч менен автоунаага отургузуп, андан кийин белгисиз тарапка алып кетишкенин, ушул убакка чейин анын жайгашкан жери белгисиз экендигин билдирген.
Келип түшкөн кайрылуу Россиянын ИИМнин Кузьминки району боюнча бөлүмүнө каттоо үчүн жөнөтүлүп, андан соң бул факты укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү эсепке алуу китебине катталган.
Андан кийин Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен мыйзамсыз кармалып жаткан жаранды бошотуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Москва шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында ижарага алган батирден 1990-жылы туулган жабырлануучу И.М. табылган. Аны эркине каршы кармашып, туугандарынан 1 800 000 рубль талап кылышкан. Аталган батирден бул укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар, анын ичинде топтун лидери Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. кармалган. Кылмыштуу топтун лидеринен сырткары батирде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тургундары, 19 жаштан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы 8 жаран болгон. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон 7 адам кармалган.
Шектүү жарандарга тиешелүү болгон “Hyundai”, “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү автоунаалар, “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылып алынган.
Кармалган жарандарга карата жогорудагы фактылардын негизинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пункту жана 163-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пунктунда (Уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо, уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка катышуучулары такталууда. Алардын буга чейин жасалган жана Москва шаары менен Москва облусунун аймагында катталган ушул сыяктуу эки оор кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча жогоруда аталган иште жаңы жагдайлар пайда болуп, күтүлбөгөн фактылар ачыкка чыгууда. Адам уурдоо, мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу фактысы мурда пландаштырылган жана буйрутма берилген мүнөзгө ээ.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү биздин мекендештер арасында криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, мекендештерибиздин Россия Федерациясынын аймагында кылмыш жана укук бузууларды жасашына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы