Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө 20-июндан тарта 20-июлга чейин газ түтүктөрүн жана эскирген жабдыктарды алмаштыруу иштерин жүргүзүү пландалып жатат.

Буга байланыштуу айрым көчөлөрдү жаратылыш газы менен камсыздоо иштери убактылуу үзгүлтүккө учурайт, деп билдирди «Газпром Кыргызстан» компаниясы.

Чектөөлөр Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча), Малышева, Касымалы Баялинов (ЧЧК), Журнал көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси менен чектешкен аймактарда болот.

Ошондой эле «Кулжа Бик», «Бай тур», «БТЭ», «Алькони», «Автомаш Радиатор» мекемелерине газ берүү убактылуу токтотулат.