Бишкек шаарынан 80 км алыс жерде биологиялык лаборатория курулганы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда  өткөн маалымат жыйында айтылды.

«Эрк» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулунун айтымында, биолаборатория Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу
Кордай районунун Гвардейский деген шаарчасында курулганы жатат.
«Бул маселе Кыргызстан менен Борбор Азияга гана тиешелүү эмес, бул дүйнөгө тиешелүү маселе. 2008-жылы канадалыктар жашыруун түрдө Кыргызстандын өкмөтү менен келишим түзүп, Бишкектеги ботаникалык бакчада биолаборатория курмак.

Бирок 2010-жылы ал ачыкка чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл биолаборатория курууга каршы чыккан. Президент
менен өкмөт жыл сайын 30 млн доллар киреше түшөрүн айткан. Андан соң канадалыктар 60 млн доллар сунуштаптыр.
2011-жылы президент канадалыктарга баш жерди сунуштаган. Бирок канадалыктар баш тартып, биолабораторияны башка
өлкөгө курарын айткан», — деди Турсунбай Бакир уулу.
Академик, биология илимдеринин доктору Биймырза Токторалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну суранды. Ошондой эле жаштарды биолабораториянын курулушуна каршы чыгууга
чакырды.

«Бул элибиз үчүн өтө коркунучтуу. Кыргызстан бул маселени чечиши керек. Чоңдор көз жумуп койбошу зарыл», — деди академик.

Саясат тануучу Бакыт Бакетаев Казакстан Канада менен 2 жыл мурун келишим түзгөнүн, курулушту 2025-жылы бүтүрүү
пландалып жатканын белгиледи.

«4-деңгээлдеги коркунуч бар биолаборатория курулат экен. Бул бардык белгилүү вирустар Казакстанда топтолот деген сөз.
Мындай лаборатория Борбор Азияда болгон эмес», — деди Бакетаев.
Ал Түркия, Италия, Россияда да тарапташтары чыгып жатканын айтты.

«Бул маселе дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлсө, Бириккен улуттар уюму көңүл бурат деп ойлойбуз», — деди Бакетаев.

Ал президент Садыр Жапаровго да кайрылуу даярдалып жатканын кошумчалады.