Кезинде Акаевдин маркум уулу Айдар менен достошо коюп, анын арты менен бир катар майлуу-сүтүү кызматтарды ээлеп, айрыкча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун башкарып турганда элдин ырыскысын тоноп, эсепсиз байлык топтоп, кийин Акаевдердин башына кара булут айланганда караанын көрсөтпөй качып кеткен Равшан Жээнбеков деген эрен бар.

Бул эргул андан кийин да ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрүп, 2010-жылы ал кездеги Ата-Мекендин тизмесинен депутат болууга жетишкен. Бирок суу ичкен кудугуна түкүрүп көнгөн Равшан көп өтпөй Ата-Мекенчилерди сатып, фракциянын тизмесинен чыгарылып, эркин депутат болуп калган.

Ошону менен мунун чыныгы жүзүн көргөн саясатчылар Равшанды жандарына жакын жолотпой коюшкан. 2019-жылы ошол кездеги экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдордун ортосундагы тиреште, тагыраагы  Кой-Таш окуясында Равшан Атамбаевдин алдына барган.  Болбосо кезинде Атамбаев Равшанды чыккынчы деп тилдеп, теңине албай, жерден алып көргө салып жүргөн. Ошого карабастан намысын тебелеп салып, кызмат үчүн, акча үчүн Атамбаедин алдына келин болуп жүгүнүп  барганынан улам эле мунун ким экенин билсек болот. Ошентип Атамбаев тарапка өтүп, баягы арам иштерин, кутумдугун улантып, жыйынтыгында адам өлүмү менен коштолгон Кой-Таш окуясындагы башаламындыкты уюштурууга шектелип камакка алынган. Мунун багына октябрь окуясы орун алып, анын арты менен эптеп эркиндикке чыгып кеткен.

Эми, кайрадан баягы эски оорусун карматып, эптеп жогорку кызматтын бир тепкичине илешүүгө аракет кылып, өзүн жасалма оппозиционер көрсөтүп, өзүнө окшогон кызматтын кулдарын чогултуп алып,  ар кандай кыймылдарды түзө коюп, бийликке карата негизсиз сын пикир айтып, ара чолодо кожоюну Атамбаевдин ак экенин “балп” этип жүрөт. Мындан тышкары сулуурак аял көрсө эс учун жоготуп, жөн өтүп кете албай, этегине эрмешип калган Равшан эти эле эмес, турган турпаты, сөөгү менен кошулуп жеткен батышчыл, бейкмөтчүл неме. Качан болбосун өзүн демократ саясатчымын деп атап алып, Американын, батыш өлкөлөрүнүн акчасын алып, алардын теңирден тескери кеткен идеологиясын кыргыз коомчулугуна сиңирүүгө аракет кылып, гейлердин, трансгендердин укугун коргоп, таламын талашып, демократия, адам укугу деп кыйкырымыш болуп алган акчасын актап турат.

Дагы бир өкүнүчтүү жагдай кече жакында, чыккынчылыкка шектелип камакка алынып, бирок кан басымы көтөрүлүп ооруканадан каза тапкан саясат таануучу Марат Казакбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара калып, ал жактан болушунча күпүлдөп, бийликти бир беткей каралап, анын жакындарын, тарапташтарын бийликке каршы тукуруп, жарым сааттан ашык сүйлөдү. Бул барып турган акмакчылык экенин Равшан өзү билбесе да аны көрүп тургандар билет. Себеби, Казакбаев менне Жээнбековдун кайнаса каны кошулган эмес. Казакбаев Орусиянын саясатын жактаса, Равшан батышчыл, Америкачыл саясатты жактаган, көз караштарында асман менен жердей айрыма бар адамдар болгон. Экинчиден, анчалык Казакбаевге күйөт экен, анын тирүүсүндө эмнеге ал үчүн  бир ооз кеп айтканга, анын акыбалына кызыкканга жараган жок? Айтпайт беле ошондо. Жок. Равшан Жээнбеков ал тууралуу ойлогон да эмес. Болгону башкалардын кайгысынан да, кубанычынан да пайда таап, упай топтоп көнгөн бул журтбузаарга маркум Казакбаевдин тагдыры бир тыйынчалык да кереги жок болчу. Болгону ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнө саясий упай топтой коёюн деген гана аракетин көрдү.

Мына ушул Равшан эми бийликке оппозиция болуп алып, элдин кызыкчылыгы, жыргалчылыгы үчүн кызмат кылам десе, же күлө албай, же ыйлай албай жаман болуп, жүрөгүң түшөт экен да.