Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемеси жоюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

«№ 47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган (жазаны өтөп жаткан бардык адамдар буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелерине которулган)», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, № 47 мекеме Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, калк жыш жайгашкан аймакта жайгашкандыктан, жанаша жайгашкан турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт.

Ошондой эле № 47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлдү.