Бишкек шаарынын мэриясында “Бишкек шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирү жөнүндө” жобонун долбоорун талкуулоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кеңешме борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозачеванын төрагалыгы алдында жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, борбордун райондук администрацияларынын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Катышуучулар Бишкектин аймагында өткөрүлгөн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобонун долбоорун талкуулашты. Мында Жобонун айрым пункттары боюнча бардык катышуучулардын сунуштары жана сын-пикирлери каралды. Андан соң жобонун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө сунушталат.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу руханий атмосферага терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.