«Бишкек жылуулук» мекемеси бүгүн, 15-июндан тарта шаардын жашоочуларын жылуу суу менен камсыздоо иштерин баштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ысык суу эртең, 16-июндан тарта берилет.

Оңдоп-түзөө, кийинки жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 16-майдан тарта Бишкекте ысык суу токтотулган болчу. Ысык суу берилгенден кийин авариялык абал жаралса төмөнкү телефон номурларга кайрылыңыз:

— Пайдалануучуларды колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980;

— Диспетчер кызматы: 56-85-58;

— Борбордук райондогу нөөмөттөгү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;

— Түштүк райондогу нөөмөттөгү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.