Жогорку Кеңештин депутаты Шойлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, жаш куракта чет өлкөгө чыккан жаштар кордолуп калганын белгиледи.
Анын айтымында, Учурда өнүккөн мамлекеттерде 21 жаштан жашы жетти деп саналат.
«Урматтуу мекендештер, менин 18-20 жаштагы кыздардын өлкөдөн чыгуусунда көзөмөлгө алуу тууралуу билдирүүм чет жердеги мекендештерибиздин мага жазган кайрылуусу, сунушу болчу. Мен бул сунушту айтуу менен, мага карата көптөгөн сындарды алдым.
Бүгүн мен кесиптештерим Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев менен Ак үйдүн алдына митинге келгендерге чыгып, төмөндөгүлөр боюнча чын жүрөктөн билдирүү жасагым келди:
«КРнын Конституциясында бойго жеткен 18 жаштан белгиленүүдө. Ошол эле учурда ал жаш куракта чет өлкөгө чыккан жаштар кордолуп калууда, коопсуздукка камсыздоо жок болуп жатат. Учурда өнүккөн мамлекеттерде 21 жаштан жашы жетти деп саналат (АКШнын, Европанын тажрыйбасы). Келечекте биз да бул маселени ойлоно турган экен…
Келечекте конструктивдүү сунуштарымды айтууну көздөп жатам. Мен бардык аялзатынын укуктарын сыйлайм. Менин да чоң апаларым, апам, эже-карындаштарым, жубайым, кыздарым бар. Бардыгына чын дилимден жакшылыктарды каалайм, сыйлайм, урматтайм! Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын сактоо үчүн иштеп келдим жана иштей берем.
Тышкы миграция тармагында татаал, комплекстуу көйгөйлөр бар жана алардын бири, бул чет өлкөгө иштегени кеткен жаштардын тийиштүү билиминин, жөндөмүнүн жоктугу. Айрыкча кыздарга, аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү, ошондой эле келген мамлекеттин аймагында алардын укуктарын сактабоо, өлүмгө дуушар болуу фактылары бар. Бул көйгөйлөр улутубуздун, өлкөбүздүн келечеги үчүн кайгы жана коркунуч жаратат.
Бүгүнкү күндө чет жердеги жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо программаларын күчөтүшүбүз керек!
Ошондой эле, өз кезегинде, мен жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга, аялдардын абалы боюнча коомчулукта актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоого даярмын. Тышкы миграциянын абалын жакшыртуу боюнча коомчулуктун сунуштарына ачык, аялдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык демилгелерди кабыл алууга көмөктөшүүгө даярмын.
Урматтоо менен,
депутат Шайлообек Атазов”, — деп жазат эл өкүлү.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.