Баткен облусунда Исхак Раззаковдун элесине арналган жалгыз коло айкел тургузулат.

Исхак Раззаков атындагы музейдин директору Бабакул Осмоновдун айтымында, пандемиядан улам Лейлек районунда Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленбей калган.

Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү музейди оңдотуп, коло айкелди жасоого буйрутма берген. 4 метрлик, салмагы 1,5 тонна чыккан айкел Баткенде колодон жасалган жалгыз айкел болот.

«Жакында эстеликтин ачылышы пландалып жатат. Президент Садыр Жапаров мартта Баткен облусуна болгон иш сапарында эстеликтин ачылышына катышууга убада берген», — деди директор.

Осмонов буга катар эле музейди кантип өнүктүрөрүн айтып берди.

«Борбордук архивден анын буюмдарын, документтери алып, Бишкектеги үй музейге берүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Раззаков атындагы музей Лейлек районунун Раззаков шаарында ашар жолу менен курулган. Анда мамлекеттик ишермедин балалыгынан тарта көз жумганына чейин тиешелүү болгон 2000 жакын эскпонат бар. Музейге келгендер И.Раззаков Кыргыз ССРнин коммунистик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турганда отурган кресло менен стол коюлган бөлмөгө киргенди жакшы көрүшөт. Ордендер менен медалдардын оригиналдары Бишкектеги үй музейде сакталып турат. Алар ал жакка дал ушул музейден тапшырылган.

Бабакул Осмонов музейди 10 жылдан бери жетектеп келет.

Булак: Турмуш кж