Бишкек шаардык соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссия түзгөн.

4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен.