Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 16-июндан баштап Мессарош көчөсү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, эми айдоочулар жана жарандар туурасы 9 метр болгон дагы бир жаңыланган көчө менен жүрө алышат, ал эми жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 1,5 — 2,5 метр тротуар курулду.
Жол куруу иштери ирригациялык тармактарды жаңылоону эске алуу менен жүргүзүлүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулуп, эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлдү.
Жолдун жалпы узундугу 654 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте оңдоо иштерин жүргүзүүгө тоскоол болгон 14 капиталдык имараттар жана тосмолор бузулду.
Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө.