Куюшканга кыпчылбачы!..

Кыргызда ушундай кеп бар эмеспи ар нерсеге мурдун салып, кийлигише бергендерге карата айтылган. Эң кейиштүүсү элибизде мындайлардын катары өсүп баратат жанан алардын бири деп ар кимге арачы түшүүнү адатка айланткан адвокат Нурбек Токтакуновду атасак болчудай.

“Атың чыкпаса, жер өрттө” демекчи, саясатчы болуунун мандемдүү жолун тандап алган Токтакунов өзү тууралуу өзгөчө пикирди карманат. Маселен, жакын жоро-жолдошторунун арасында “бардыгына түкүрдүм, мен жаңы форматтагы саясатчымын” деп ооз көптүрүүдөн тартынбайт. Өз максатына жетүү үчүн бардык амалдарга барууга даяр. Ар кандай оппозициялык иш-чараларга үзбөй катышуу менен Токтакунов атын чыгарып тургусу келет. Ошону үчүн коёндун кулагы көрүнө калган кандай гана окуялар болбосун четте калбай коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга аракет жасаганы чынында жөн жерден эмес.

Эске салсак, ЮСАИД, Сорос фондусу, ЕС, БУУ, Хельсинки комитети сыяктуу жана башка чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар каржылаган “Прецедент өнөктөштүк тобунун” (“Партнёрская группа Прецедент”) жетекчиси катары да белгилүү. Өзүңөр баамдагандай куюшканга кыпчылып турууга “прецеденттер” ар дайым зарыл.