Баткен облусунун Кара-Бак айылында кургатылган өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет.

Ишкер Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, жылына 1 миң 500 тонна өрүктү кайра иштетүү пландалууда. Өрүк АКШ, Япония жана Россияга экспорттолот.

“Бүгүнкү күндө ишкана 95 пайызга даяр. Мындай завод облустун аймагында биринчи жолу ишке киргени жатат”, — дейт ал.

Ишкер кошумчалагандай, ишкана ишке кирсе 30дан ашык адам жумуш менен камсыз болот.