Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Горький атындагы паркта митинг болуп өттү. Анын катышуучулары Казакстанга Американын биолабораториясы курулаарына каршы чыгышты.

Уюштуруучулардын айтымында, Казакстан биолаборатория үчүн ыңгайлуу жер катары Кыргызстан менен чектешкен аймагын тандап алган.

«Бул абдан кооптуу. Ал лабораторияда бир гана жергиликтүү шартка көнүшкөн вирустар эмес, дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу вирустар топтолуп, изилденет. Кокустан авария болуп кетсе, вирустар бардык аймакка, анын ичинде Кыргызстанга жайылат.

Америка мындай лабораторияларды өз өлкөсүнө курбайт, өздөрүнөн алыс мамлекеттерди тандап алышат. Бул эң мыкты тактика- иликтөөлөрү да жүрөт, ошол эле убакта өз эли менен жери коопсуз абалда калат», — дейт митингдин катышчуучу, саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.

Уюштуруучулар коңшу өлкөнүн биолаборатория куруу чечими жокко чыгарылбаса дагы, ал үчүн Кыргызстандан алыс, Казакстандын тереңиндеги аймакты тандап алуусу керек дешүүдө.