Мекенге болгон сүйүү, сый-урмат жана аны көздүн карегиндей сактоо кыргыз мырзаларынын ар биринин аң-сезиминде калыптанышы керек. Ар бир жигиттерибиздин мекенине жасаган ар бир ишинен, өлкөбүздүн жана келечек ээлери болгон балдарыбыздын тагдыры көз каранды.

Бул чындык. Анткени кыргыз элинин эр жүрөктүүлүгүн, кайраттуулугун жана акылмандыгын эчак эле тарыхыбыз тастыктап койгон.

Учурда да мекендин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматын өтөп жүргөн эр жүрөк мырзаларыбыз жок эмес. Ошондойлордун бири, биздин сыймыгыбыз ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан ефрейтор Дайырбек Карыяев.

Дайырбек Карыяев 1994-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган. Төрт бир тууган. ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатканына 3 жылдын жүзү болду. Спорт менен 10 жылдан бери алектенет. Спортто жараткан ийгиликтерине баш баксак, самбо боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатынын 6 жолку, А.В. Гардеев атындагы эл аралык турнирдин 4 жолку, 2021-2022-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган. Дүйнө чемпионатынын 2 жолку күмүш медалынын ээси, Дүйнө кубогунун (World sambo cup) 2 жолку чемпиону, “Биринчиликке кармашуу-2021” самбо боюнча чемпионатынын чемпиону болуп, мамлекетибиздин желегин эл аралык аренада желбиретип, намыска жарап, кыргыз элинин сыймыгы болууга жетишкен.

Кандай гана ийгиликтерге жетпейли, анын артында тоодой талыкпас эмгек жатат. Спортту дагы, кызматты дагы бирге алып келе жаткан каарманыбыз Дайырбек Ливан Республикасынын Джуния шаарында 4-июнда өткөн Самбо боюнча биринчиликте атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, күжүрмөн самбо боюнча Азиянын чемпиону аталды. Бул кыргыз милициясы, анын ичинде ички аскерлердин аскер кызматчылары, жоокерлери үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли үчүн дагы сыймык.

“Спорт менен кызматта бир учурда ийгилик жаратуу оңойго турбайт. Чынында көп кыйынчылыктарды жеңип, мээнет кылган жердин аягы таттуу болот деген чын экен. Самбо дагы берилгендикти, эмгекти жана жоопкерчиликти үйрөтүүчү спорт болгондуктан, мени жакшы жакка тарбиялап, намыскөй кылып койду.
Мекенге кызмат кылуу ар бир атуулдун милдети деп билемин. Ошон үчүн мамлекет бизге эмне кылып жатат дебестен, биз мамлекетке эмне кылдык деген суроону өзүбүзгө узатып, жообун издешибиз керек. Ошондо гана өлкөбүзгө абийирибиз менен кызматыбызды кылып, чыныгы мекенчил уул-кыздардан болмокпуз деп ойлойм. ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткынымдын себеби деле ушул. Ошондуктан өлкөбүздүн туруктуулугу менен коопсуздугун коргоп, Мекен алдындагы жигиттик парзымды аткарып келе жатканыма сыймыктанам. Андыктан армиядагы темирдей тартипке моюн сунуп, спорттогу режим менен армиянын тартибин бириктире алгандыгым үчүн ийгиликтер жаралып жатат десем жанылышпайм”,-дейт маегинде Дайырбек.
Биздин каарманыбыз жакында Кыргызстанда өтө турган Дүйнө кубогуна, андан соң Дүйнө биринчилигине катуу даярданып жаткан кези. Дайырбекке мамлекетибиздин желегин көккө көтөрүп, спорт менен кызматында дагы ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы