Кыргызстанда билим берүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 1 миллион 185 миң сомду түзгөн 44 автомектепке айып салынды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде ГУОБДДнын лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

«Республика боюнча иштеп жаткан 270 автомектептин 193ү текшерилип, жалпысынан 198 эреже бузуулар аныкталган. 44 автомектепке айып салынып, 18 иш токтотулган. Ар кандай мыйзам бузуулар бар – эч нерсе менен камсыз кылынбаган класстар – жөн гана бош бөлмөлөр, анда адамдарга жол эрежеси үйрөтүлөт, машыгуучу унаалардын уруксатсыз  жабдылышы жана башкалар», — деди ал.

Анын айтымында, автомектептердин жетекчилери мыйзам бузууларды жойбосо, МАИ кызматкерлери сот аркылуу лицензияларды жокко чыгарууну талап кылышат.