Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков маалымат жыйында  өзү базар, гипермаркеттерди кыдырып чыкканын айтты.

“Эттин баасы боюнча интернет булактарына тараган сүрөт, видеого түшүндүрмө бере кетейин. “Азиз” базарында бодо малдын эти 1 кг – 499 сомдон турат. “Ак Эмир” базарында 500-520 сомдун тегерегинде, “Орто-Сай” базарында 530-550 сомдун тегерегинде сатылууда. Комментарийлерге мал Өзбекстанга чыгып жатканын жазып жатышат. Бирок министрлер кабинетинин №140 токтомуна ылайык, алты айлык мөөнөткө малды экпорттоого тыюу салынган. Бүгүнкү күндө баалар көтөрүлүп жатканына макул эмесмин. Анткени кечээ өзүм барып келдим. Мындан сырткары, жай келип, малдын баары экспортко эмес, тоого чыгарылууда”, — дейт ал.

Жанузаков этти базарга ташыгандар бааны жасалма көтөрүп жатканын белгилеп кетти.

“Алар бодо мал экспорттолуп жатат деген жүйөө келтирүүдө. 2022-жылдын беш айында 8 миң бодо мал экспорттолгон, бул өтө аз”, — деди ал.