Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.
Мэр өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар ипотекалык негизде турак жай алып жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү күн тарыхта калат. Курулуштун мөөнөтү 18 ай болгонуна карабай, курулуш иштерин “Элит Строй Сити” ЖЧКсы 1 жылда бүткөрүп, бүгүн анын ээлери 9 кабаттуу 90 батирлүү үйгө көчүп киришет. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плиталары, раковиналар, жуунучу бөлмөлөр менен камсыздалган”, — деп белгиледи мэр.
Ошондой эле, дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатканы, алар дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйлөрдүн пайдаланууга берилээри айтылды.
“Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбызда турак-жайга туруктуу бааны кармап турууга көмөктөшөт”, — деди А.Мамбетов.
Иш-чаранын алкагында ипотекалык турак-жай курулушунун долбоорлору менен таанышуу, ошондой эле биринчи ипотекалык үйдүн бактылуу ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырууга кошкон салымы үчүн курулуш компаниясынын жана муниципалдык ипотекалык компаниянын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан ары үйдүн ички инфраструктурасы, батирлердин макети менен таанышуу болду.