Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине)» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.