Коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген “Айыл Банк” ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Б.Р. асынып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Б.Р. 30-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталып УКМКнын тергөө камак жайына камакка алынган.

“А.Б.Р. бүгүн, 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал асынып алган абалда табылган”, — деп айтылат маалымата

УКМКдан белгилешкендей, тергөө камак жайына жайгашкандан бери А.Б.Р. тарабынан ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес, жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, А.Б.Р. камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюуга эч кандай шыктары жана жөндөмдөрү, жүрүм-турумунан байкалган эмес.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.