Эртең, 19-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапар менен барат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, андан соң 21-22-июнь күндөрү министрдин Бахрейн Падышалыгына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Сауд Аравиясы жана Бахрейндин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Тараптар өз ара кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашат.