Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербенин чагылдырган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, саамалык мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде ишке ашкан. 19 төөнүн, кербенчи, тайган, жылкылардын элеси берилген инсталляция Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага коюлду.
«Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык жасалды. Идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек Жолу Ассоциациясы колдоп, туристтик объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен инсталляциясы Улуу Жибек Жолунун провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот», — деп айтылат маалыматта.
Инсталляция көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулуп, аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да ушул мекемеге жүктөлдү.