Бүгүн, 20-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 588 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 996 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 357 куб метрге жетүүдө.