BroadbandChoices.co.uk тарабынан даярдалган дүйнөдөгү эң арзан мобилдик интернети бар өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан төртүнчү орунга чыкты. Изилдөөдө 169 өлкөдө интернетке кирүүнүн сапаты, жеткиликтүүлүгү жана баасы изилденген.

Ошол эле учурда Интернеттин жеткиликтүүлүгүнүн индекси боюнча Кыргызстан 116-орунда турат, республика интернетке туташуу ылдамдыгы боюнча да, баасына салыштырмалуу кең тилкелүү кирүү ылдамдыгы боюнча да төмөн.

«Интернетке кирүү үчүн мобилдик маалыматтарга таянган Шри-Ланка жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жакшы оптикалык була түйүндөрүнүн жоктугуна карабай арзан маалымат пакеттерин сунуштап жатышат», — деп жазат изилдөөнүн авторлору.

Булак: Акчабар