2022-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында «Nomad Sport» коомдук бирикмеси уюштуруучусу болгон «Toyboss Night Run-2022» түнкү жарышы өтүп, анда милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов өзүнүн курактагыларынын арасында 21.1 км аралыкта чуркап өтүп, биринчи орунду ээледи.

Ал 1 саат 42 мүнөт 26 секунд убактысында чуркап келип, өзү үчүн рекорд койгон. Кемелбек Киязов алтын медаль жана диплом менен сыйланды. Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов спорттун бул түрүнүн профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында мыкты көрсөткүчкө ээ болгон.

Биздин генералга бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана мындан ары дагы спортто көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы