Баткен облусунан 150 бала Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборунда, түзүлгөн графикке жана квотага ылайык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажыраган 12 жаштан 14 жашка чейинки балдардын эс алуусу уюштурулууда.
«Баткен облусунан жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жалпысынан 150 бала аталган борборго жөнөтүлдү. 10 күндүк эс алуу, тамак -аш, балдардын ден соолугун чыңдоо, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланды», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, аталган борбордо 20-июндан 30-июнга чейинки эс алууда балдар менен атайын психологдор да иштешет. Мындан сырткары балдар үчүн ар кандай көңүл ачуучу маданий программалар да уюштурулмакчы.