Нуртазин Джетыбаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Садыр Жапаров кол койгон башка бир жарлык менен Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.
Курулуш инженери Нуртазин Джетыбаев буга чейин Президенттин иш башкармалыгында жетекчинин биринчи орун басары кызматын аркалап турган.