Бишкекте стандарттуу Тулпар карталарын сатуу боюнча кошумча 30 жаңы пункт ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бул муниципалдык транспортто накталай эмес жол кире акысына толук өтүүгө даярдыктын алкагында жасалды.
Сатуу пункттары шаардын жарандар көп туруучу аялдамаларда жайгашкан.
Толук тизме менен биздин сайттан тааныша аласыз: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/
Эске салсак, акция @beeline_kyrgyzstan менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Картанын баасы 50 сом (1 сапар баа кирет).
«Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! 1-июлдан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм алынып салынат.
Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн көрсөтүлгөн күнгө чейин транспорт картасын сатып алууну жана Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.