Катар Экономикалык форумунда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси тууралуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин дагы эле Казакстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтты.

«Ооба, ал (Владимир Путин) мурдагыдай эле Казакстандын ишенимдүү өнөктөшү. Ал эми өз өлкөмдүн президенти катары мен Путин менен жакын мамиледе болгонума абдан кубанычтамын», — деп жооп берди мамлекет башчысы Bloomberg телеканалынын алып баруучусу Манус Крэнниге.

Токаев Путин жеке сүйлөшүүсүндө Казакстандын Донецк жана Луганск маселеси боюнча позициясы тууралуу сөзүнө эч кандай реакция кылбаганын белгиледи.

Ошондой эле Токаевден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнүн сурашканда, ал
«көп убакы мурда» экенин билдирди.