Бала бакчалардын директорлорунун жыйыны өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери жана райондук администрациялардын башчыларынын орун басарлары катышты.
Жыйындын катышуучулары балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жана бала бакчаларда тамактануу, билим берүү бөлүмүнүн контролдук-методикалык иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле жайкы мезгилде бала бакчалардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин карашты.
Жыйынтыгында бала бакчалардын кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги эмгек акыларына кошумча төлөмдөрдү жана ашыкча иштеген убактысына төлөө маселесин иштеп чыгуу, ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.