Өлкөнүн коммерциялык банктарында жана акча алмаштыруу жайларында орус рублинин сатуу курсу 1,47-1,5 сомго чейин көтөрүлдү. Бул көрсөткүч мурда 2014-жылдын жай айларында белгиленген.

Ай башынан бери орус валютасы 20 тыйынга кымбаттады. Азыр 1,3-1,36 сомдон сатып алып жатышат. Ошол эле учурда Улуттук банк тарабынан расмий курс 1,4279 сом деп белгиленген.

Доллардын курсу туруктуу бойдон калууда. Алынышы, 79,5-80,5 сомдон ал эми сатылышы 80-81,5 сомдон. Номиналдуу курс 79 505 сомду түзөт.